12.04.2019 10:26

Чүйдө аз камсыз алтымыш сегиз үй-бүлөгө турак-жай куруп беришти

Чүйдө аз камсыз  алтымыш сегиз үй-бүлөгө турак-жай куруп беришти

Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында 68 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарчанын ачылыш аземи болду. Бул туурасында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Салтанатка аталган министрликтин жетекчиси Улукбек Кочкоров катышты. «Ас-Сафа борбору» үч жылдын аралыгында калктын аярлуу катмарына багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашырышты. 2 чоң үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемеси, 14 ФАП, 1 жетим балдар үчүн жатакана, 1 билим берүү борборун курушту. Андан тышкары, министрликке караштуу Токмоктогу психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин аймагына жаңы турак-жай куруп, анын ичин керектүү эмеректер менен камсыздады», – дейт министр.

Иш-чаранын алкагында жакынкы арада Исфана шаарында Лейлек райондук бейтапканасынын заманбап төрөт үйүнүн ачылышы пландаштырылганын, ошондой эле Араван райондук бейтапканасында төрөт бөлүмү, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айыл өкмөтүндө 400 орундуу мектеп, 300 үй-бүлөгө ылайыкталган социалдык шаарча куруу иштери башталгандыгы тууралуу белгиленди.

«Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан социалдык проекттер үчүн каралган сумма жалпысынан 324 млн. түзгөн.