13.06.2018 09:48
Ажылык сапарга баруучуларды эмдөө иштери 18-июнда башталат
2018-жылы ажылык сапарга баруучулар 18-июндан 29-июнга чейин эмдөөдөн өтүшөт. Бул туурасында муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Ажыларды эмдөө пункттары өлкө аймагындагы бардык облустардын оорунун алдын алуу борборлорунда жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыктарында жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.
Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5 миң 485 орунга квота берген. Бул өткөн 2017-жылга салыштырмалуу 900 орунга көп. Былтыр ажылыкка барууга 4 миң 585 орун бөлүнгөн.
Ажылык сапар июлдун аягында башталат жана Меккеге барып-келүү 2 миң 890 доллар турат. .
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: