17.08.2019 18:01

Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган Ирина Цопова бошотулду

  Азиз Батукаевдин иши (4 материала)
Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган Ирина Цопова бошотулду

Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынган лаборантка Ирина Цопова бошотулду. Бул туурасында социалдык тармакта журналист Асель Оторбаева билдирди. 

Маалыматка караганда, Цопованы өлкөдөн чыкпоого милдеттендирүү менен үйүнө кое беришти.  

 

Эскерте кетсек, лаборант Ирина Цопова менен онколог Эмиль Мукамбетов 3-майда Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишке айыпталып, кармалышкан. Тергөөнүн пикиринде, алар 2013-жылы мыйзамдагы ууруга «айыккыс дарт менен ооруйт деген жасалма маалымкат беришкен». Цопова өзү Батукаевди эч качан көрбөгөнүн, ага анализдерди алып келип, текшерип берүүнү гана суранышканын билдирген. 

7-майда ЖАМК Цопова №1 Тергөө изоляторундагы эки ярустуу керебеттен түшүп келатып, оң бутун кокустатып алганын маалымдаган. Кийин журналист Асель Оторбаева аны жакшы дарылашпаганын, Цопова бутунан айрылып калышы мүмкүн экенин жазып чыккан. ЖАМК муну төгүндөгөн.