21.05.2019 20:24

Азиз Батукаевдин иши боюнча мурунку аткаминер кармалды

  Азиз Батукаевдин иши (4 материала)
Азиз Батукаевдин иши боюнча мурунку аткаминер кармалды

Экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматынан кабарлашты. 

Мурунку аткаминер бүгүн,  21-майда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылган. Анын жыйынтыгы менен экс-вице-премьер-министр Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлады.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш 2019-жылдын январь айында жанданган.  Анда Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары  А. Батукаевге жалган «курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)» диагнозун коюп, фактыларды жасалмалаганы аныкталган. 

2013-жылы Нарын шаардык соту дарыгерлердин бүтүмүнө таянып, Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин кабыл алган. Ошол эле күнү ал Бишкектен Россияга учуп кеткен.

Бул иш боюнча  2011-2014-жылы саламаттыкты сактоо министри кызматын ээлеп турган Динара Сагинбаева, Кыргыз илимий гематология борборунун эки кызматкери: онколог -дарыгер Эмиль Макимбетов менен гематолог Ирина Цопова камакка алынган. Ишке тиешеси бар адамдардын катарында мурунку аткаминерлер менен депутаттардын да аты аталган.