15.11.2019 10:36

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча бүгүнкүгө белгиленген соттук отурум 29-ноябрга жылдырылды. Процесс саат 15:00дө башталат. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим эки айыпталуучунун сотко келбегенинен улам кабыл алынды. Улуттук гемотология борборунун мурунку жетекчиси Абдухалим Райымжанов ден соолугуна байланыштуу отурумга келе алган эмес.  Кыргызстандын экс-президенти мурда айткандай эле, соттук отурумга катышуудан баш тартты, анткени ал «Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келбейт».

Слесарев Атамбаевди укуктук мыйзамдар боюнча отурумга күчтөп алып келе албашын билдирди, бирок «укугун тебелөө менен» алып келсе болот.

«Сот көптөгөн бузуулар менен өтүп жатат. Алардын бири отурумдун толугу менен жабык өтүп жатканы. Буга эч кандай негиз жок болчу», - деди адвокат.

Анын айтымында, башында кылмыш иштин эки гана тому «жашыруун деп айтылган. Кийин соттук токтомусуз эле башка документтерге да купуялуулук белгисин коюп салышты.

«Жыйынтыгында сот отурумду толугу менен жабык кылып койду. Мыйзамсыздык айдан-ачык көрүнүп турат!» - деп жактоочу сөзүн жыйынтыктады.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында өлкөдөн чыгып кеткен. Анда дарыгерлер ага «курч миелобласттуу лейкоз» (М2-вариант) деген диагноз коюп, Нарында абакта жаткан жеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, ошол эле күнү Россияга кеткен.

2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ диагнозду жокко чыгарып, фактылар  жасалмаланганын көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча ал убакта жүргүзүлгөн текшерүү жыйынтык берген эмес. 

2019-жылдын январында Батукаевдин бошотулушу боюнча иш кайра жанданган. Октябрь айында иш сотко өткөрүлгөн.

Бул иште айыпталуучу катары 19 адам өтүп жатат. Алар Батукаевге диагноз коюп берген дарыгерлер жана лаборанттар, ЖАМК өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, алардын арасында мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы бар. 

Буга чейин 14 айыпталуучу айып төлөп кутулуп кетишери мүмкүн экени айтылган — алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Алардын баары мурун камакка алынган болсо, кийин үй камагына чыгарылып кеткен. 

Мурунку президентти алгач бул иш боюнча күбө катары суракка чакырышкан. Алмазбек Атамбаев суракка баруу анын «экс-президент» макамына туура келбестигин белгилеп, баш тарткан. 8-августта анын Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасалып, Атамбаев УКМКга алынып келинген. Анын макамын күбөдөн шектүүгө өзгөртүп коюшкан.

Алмазбек Атамбаев бул иш боюнча соттук отурумдарга катышуудан, дегеле сурак берүүдөн баш тартууда.