11.10.2019 10:35

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар башталды

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар башталды

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча алдын ала угуулар башталды. Айыпталуучу катары 19 аткаминер өтүп жатса, алардын бешөө тергөө менен кызматташуудан баш тарткан.

Азиз Батукаев өлүм алдында деген шылтоо менен 2013-жылы абактан бошотулуп, өлкө аймагынан чыгып кеткен. Кийин Башкы прокуратура бул ишти жандантып, 2019-жылдын апрелинде ИИМге өткөрүп берген. Ачылган кылмыш иши боюнча 5 медицина кызматкери, саламаттык сактоонун мурунку министри Динара Сагинбаева кармалган. Ал кийин үй камагына бошотулган, ал эми лаборант Ирина Цопова өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилип, кое берилген. 

Нарын облусунун прокурорунун мурунку орун басары Майрамбек Акматалиев дагы кармалып, кайра кое берилген. Экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов СИЗО-1ден үйүнө кое берилген. 

Кийин экс-башкы прокурор Аида Салянова камакка алынган. Кийин аны да бошотушкан. 

Белгилей кетсек, бул кылмышты иликтөөнүн жүрүшүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев күбө катары 3 ирет суракка чакырылган. Бирок Атамбаев экс-президенттин кол тийбестик макамына таянуу менен ИИМге баруудан баш тарткан. Суроолорго кагаз жүзүндө жооп берүүгө макул экенин билдирген. 7-8-августта экс-президентти мажбурлап алып келүү операциясы жүргөн.

2-октябрда Алмазбек  Атамбаев, Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев, Абдухалим Раимжановдорго айыптоо актылары тапшырылган.