01.08.2018 14:25

Азиз Суракматов кыргыз тили боюнча сынак тапшырды

Бишкектин мэрлигине талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады. Шаардык кеңештеги опозициячыл фракция жана премьер-министр бул кызматка жарактуу адамдардын аттарын кеңештебеген соң, мэрликке жалгыз гана коалициялык көпчүлук сунуштаган Азиз Суракматов аттанат. Атаандашсыз калган кандидат кечээ мамлекеттик тил боюнча экзаменин тапшырды. Сынакка көз чаптыргандар Суракматов кыргыз тилден берген мугалимин уят кылып койду деген тыянакка келишсе, анын билимин текшергендер башкача ойдо. Комиссия бир ооздон Суракматов керек болсо кыргыз тилинде түш жооруйт деген чечимге келди. Бирок көпчүлүк коалиция сүрөөнгө алган Суракматов кээ бир сөздөрдүн башын кыйналып кошоору көрүнүп эле турду.