05.11.2019 18:38

«Баатырлар Үмүтү»: Атамбаевди сындоо - үй-бүлөлүк башкаруу менен күрөшүүдө каза тапкандардын элесине чыккынчылык кылуу

«Баатырлар Үмүтү»: Атамбаевди сындоо -   үй-бүлөлүк башкаруу менен күрөшүүдө каза тапкандардын элесине чыккынчылык кылуу

«Баатырлар Үмүтү» коомдук кыймылынын мүчөлөрү «Айкөл Таза Коом» кыймылынын мүчөсү Усупбий  Шеримбаевди уяткарышты.   

Буга чейин ЖК депутаты Ирина Карамушкина 2010-жылы Апрель революциясынын баатырларына кайрылып,  убагында мурунку президент Алмазбек Атамбаев аларга акчалай жардам, батир бергенин эскертип, эми болсо, алардан колдоо сөзү чыкпай жатканына нааразыланган. 

Ага жооп кылып, «Айкөл Таза Коом» кыймылынын мүчөсү Усупбий  Шеримбаев уюм мүчөлөрү Атамбаевди коркконунан эмес, ал «батир бербегендиктен» колдобой турушкандыктарын айткан. 

«Баатырлар Үмүтү» коомдук кыймылынын мүчөлөрү Усупбий Шеримбаевдин мынча уятсыз жана калп билдирүүсүнө айран-таң калып жаткандарын маалымдашты.   

Билдирүүнүн толук текстин келтиребиз: 

«Биз Апрель элдик реовлюциясында каза болгон баатырлардын апаларын, жубайларын жана балдарын бириктирген «Баатырлар Үмүтү» коомдук кыймылынын атынан Шеримбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Кыргызстан Баатыры Алмазбек Атамбаевге карата айтылган сын - өлкөнүн азыркы бийлигине жагынуу аракети гана эмес, демократия жана биздин балдардын жаркын келечеги үчүн ушуга окшогон үй-бүлөлүк-кландык режим менен күрөшүүдө каза тапкандардын элесине чыккынчылык кылуу экенин билдиребиз. 

Шеримбаев мырза, биз сизден Атамбаев үчүн күрөштүк беле деп сурагыбыз келип турат? Биз рейдерлик баскынчылык, электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү, ит бекер сатылып жаткан мамлекеттик мүлктөр, үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөшпөдүк беле. Бүгүнкү күнү саясий партияларды жана коомдук уюмдарды рейдерлик жол менен басып алууга жардам берип жаткан сиз эмессизби?  Бүгүнкү күнү электр энергиясын колдонууну кайрадан чектеп жатышканда, унчукпай турган сиз эмессизби? Үй-бүлөлүк-кландык режимге жерге башыңыз жеткиче ийилип берип жатасыз го? 

Биз Алмазбек Шаршенович Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө Апрель элдик революциясынын баатырларынын атынан колдоо сөздөрүбүздү айткыбыз келет. Саясаттын ыплас оюндарында куралга айланган биздин айрым мекендештерге көңүл бурбоого чакырабыз. Сиздин бизге - Апрель революциясынын баатырларынын кайгыга чөгүп турган үй-бүлөлөрүнө кылган жакшы иштериңизди гана эмес, президент кезиңизде Мекенибиз үчүн кылган көрүнүктүү иштериңизди да эстеп жүрөбүз. Сизге үй-бүлөлүк-кландык режим менен күрөшкөндөрдүн бардыгынан атынан бекем ден соолук, бакыт жана сабыр каалайбыз. Биз жеке өзүңүздүн каражатыңызга Апрель шейиттери үчүн курган мечитте сиз үчүн дуба кылабыз».