12.04.2019 14:58

Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүгө уруксат берилген жок

Бабановдун тарапташтарына митинг өткөрүүгө уруксат берилген жок

Биринчи май райондук соту Өмүрбек Бабановдун тарапташтарына эски аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган мэриянын чечиминин мыйзамдуулугун карап чыкты. 

Судья Зарема Бейшеева «Республика» партиясынын жыйынын өткөрүүчү жерди чектөөнү мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан токтомду окуп берди. 

Анда 13-апрель күнү аянтта өкмөт башчынын жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун катышуусунда иш-чара өтөөрү айтылат. Бир жерде бир саат айырмачылык менен белгиленген эки акциянын өтүшү элдердин көп санда топтолушуусуна алып келиши мүмкүн. 

«Республика» партиясынан эле 10 миң адам келерин эске алсак, бул өз учурунда коомдук тартипти, жакын жердеги мамлекеттик объектилердин бүтүндүгүн сактоодо тартип бузууларга алып келет», -дешкен райсоттон.