09.06.2018 17:13

Багы ачылбаган Кытай инвесторлору

Кыргызстанда жол, мектеп, энергетикалык объектилердин курулушу сыяктуу ири долбоорлорунун көпчүлүгү кытайлык инвестициялардын күчү менен ишке ашат. Коңшу мамлекет тоо кен тармагына да салымын кошуп келет. Тилекке каршы, бул кадамдардын бардыгы ойдогудай болбойт. Долбоорлор эмнегедир ар кандай жаңжалдар менен коштолуп, айрым учурларда жергиликтүу калк инвестор менен ачык эле тирешүүгө чейин барган учурлар да кездешет.