01.08.2019 12:48

Бакиевди мактаган тасма көрсөткөн телеканал жетекчилери Коопсуздук кызматына чакырылды

Бакиевди мактаган тасма көрсөткөн телеканал жетекчилери Коопсуздук кызматына чакырылды

Бакиевди мактаган тасма көрсөткөн телеканал жетекчилери Коопсуздук кызматына чакырылып, аларга расмий эскертүү берилди. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Күн мурун «New TV» жана «NUR TV» телерадио компаниялары өз эфиринде Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгына карата качкын президентке жана анын жакындарына арналган документалдык тасма көрсөтүшкөн. Тасмада Бакиевдин президент болуп турган кездеги иштери жылуу маанайда эскерилип, авторлору Бакиевди мекениндегилер али да «сыйлап, жакшы көрүшөөрүн» айтышкан. 

Тасма эфирге чыгаар менен аны көрсөткөн каналдар соцтармак колдонуучуларынын каарына кабылган. Ал эми УКМК ЖМКлар аркылуу эскертүү таратып, тим болгон. Бул дагы коомчулуктун көз жаздымында калган эмес

Бүгүн, 1-августта Коопсуздук кызматы «New TV» жана «NUR TV» телерадио компанияларынын жетекчилери Нурланбек Шакиев менен Бекболот Ахматбекович Келдибеков профилактикалык маекке чакырылганын жар салды. 

«Биз тараптан Н. Шакиевге жана Б.Келдибековго чагымчыл видео материалдарды жайылтууга жана коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге тыюу салуу боюнча расмий эскертүү жарыяланды. Айтылган жетекчилер бул нерсеге түшүнүү менен карап, алдыда мындай иш аракеттердин кайталанбастыгына милдеттенме алышты», -деп жазылат алар тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев бул тасманын көрсөтүлүшүн «Бакиев учурундагы кандуу режимди реабилитациялоо аракети» деп баалаган.