29.12.2018 21:55

Бакудан кармалып келген Адамкул Жунусов ооруканага жаткырылды

Бакудан кармалып келген Адамкул Жунусов ооруканага жаткырылды

Бакудан экстрадицияланган Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов ооруканага жаткырылды. Бул туурасында өздүк булактарына таянып, 24.kg агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, мурунку аткаминердин жүрөгү кармаган. Учурда ал ооруканада кайтарууда. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп турган Адамкул Жунусовго «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген берененин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Ал «А.» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынан кызматтык адамдары менен туруктуу коррупциялык байланыштарды уюштуруп, мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун зыян алып келген. 

Жунусов жасаган иш өтө оор кылмыштардын катарына кирери айтылат. 18-августта мурунку бажычыга сырттан айып тагылып, 28-августта Бишкектин Биринчи Май райсоту аны камакка алуу тууралуу сырттан өкүм чыгарган . 4-декабрда Бакудан (Азербайжан) кармалып, 28-декабрда Кыргызстанга алынып келинген.