02.08.2019 17:41

Бала багуучу аял өз өмүрүнүн баасы менен эки кичинекей кызды куткарып калды

Бала багуучу аял өз өмүрүнүн баасы менен эки кичинекей кызды куткарып калды

Малазиянын Джохор штатында өрттөнүп жаткан үйдөн эки кичине баланы аман алып калууга аракет кылган аял өзү каза тапты. Бул туурасында AsiaOne билдирди. 

59 жаштагы бала багуучу аял эртең менен багып берип жаткан кызды жана өзүнүн небересин уктатып коюп, тамак сатып келүү үчүн дүкөнгө чыккан. Кайра келгенде үйдү жалын каптап жатканын көргөн. Ичкери кирүүгө аракет кылган аялды жолдон өтүп бараткандар кармап калышкан.  

Күйүп жаткан үйгө бала багуучунун 31 жаштагы уулу кирген. Бирок жалындан улам ал балдар уктаган бөлмөгө жете алган эмес. Ал башка жол издеп жаткан маалда, апасы башына сууланган сүлгүнү жаап алып, кыздарга чуркаган. Уулу кыйынчылыктар менен бөлмөгө жеткен кезде, аял ичинде болгон. Бала багуучу кыздарды жалындан өз денеси менен коргоп, полдо отурган.

«Кыздардын бирине эч нерсе болгон эмес, экинчиси бутунан күйүк алган. Бала багуучу өзү денесинин 80 % күйүп, бир нече сааттан кийин ооруканада каза тапты. Өрттүн чыгуу себептери азырынча белгисиз», -деп айтылат маалыматта.