29.05.2018 08:50

Бала бакчадан шкаф басып калган кыз оор абалда, бакча жетекчисине кылмыш иши козголду

Бала бакчадан шкаф басып калган кыз оор абалда, бакча жетекчисине кылмыш иши козголду

Москвадагы жеке менчик бала бакчада эки кабат шкаф 4 жаштагы кызды басып калып, жыйынтыгында кыз оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул туурасында Орусия басылмалары жазып чыкты. 

Учурда дарыгерлер кыздын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. 

«Тергөөнүн божомолу боюнча, эки ярустуу шкафтын кулап кетишине эмеректин дубалга жакшы бекитилбегени себеп болгон», – деп айтылат Москва шаарындагы Тергөө башкармалыгынын маалыматында.  

Кырсыкка байланыштуу бала бакчанын жетекчисине кылмыш иши козголду. 39 жаштагы аял күнөөсүн мойнуна алды. Эми ал 6 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.