27.06.2018 17:49

Жол кырсыгынан каза тапкан аялдын туугандары изделет. Баласы аман калган

Жол кырсыгынан каза тапкан аялдын туугандары изделет. Баласы аман калган

26-июнда Чычкан суусуна унаанын түшүп кетишинен улам каза болгон келиндин өздүгү такталбай жатат. Маркумдун 1,5 жаштагы баласы ак халатчандардын кароосунда.

Маалыматка караганда кырсык катталган учурда кичинекей бала унаадан ыргып кетип, сууга агып бара жаткан жеринен жүргүнчүлөрдүн бири сактап калган.

Тилекке каршы анын апасы ошол жерден каза болгон эле. Аялдын жанында өздүгүн аныктаган эч кандай документ болбогондуктан, Жалал-Абад милициясы жарандардан баланын жакындарын табышып коюуну суранат.

Ажал оозунан аман калган бөбөктүн абалы канааттандырарлык.