17.04.2020 16:09

Баласын аёосуз сабаган атанын аты жөнү, жердиги белгилүү болду

Баласын аёосуз сабаган атанын аты жөнү, жердиги белгилүү болду

Баласын аёосуз сабаган атанын аты жөнү, жердиги белгилүү болду. Бул тууралуу  жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аты жөнүн айтууну каалабаган жаран социалдык тармакта тараган видео материалды көрүп, баласын уруп жаткан эркек кишинин ким экенин айтып берген.

“Көргөн көзүбүзгө ишене албай эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигиттин аты жөнү  Эмил Пирназаров, 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан  милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”- дейт өзүнүн атын ачыктагысы келбеген жаран.

Милициянын кабары боюнча, тасмага түшүп калган киши Ала-Бука районунун 35 жатагы Эмилбек Жунусов аттуу тургуну. Анын жубайы 30 жашта.

Алдын ала маалыматтар боюнча жаш үй-бүлө 2019-жылдын 16-октябрында Россияга чыгып кетишкен. Учурда Кыргызстандын Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгү шектүүнүн так дарегин аныктоодо.