Балдар үйүндө тарбияланган Сажиданын өмүрүн сактап калууга 3000 доллар керек

Балдар үйүндө тарбияланган Сажиданын өмүрүн сактап калууга 3000 доллар керек

14 жаштагы Сажида Баженова жардамга муктаж. Өспүрүм кыз өпкөнүн гипертензиясы деген оор илдет менен күрөшүп жатат. Ал жасалма аппарат аркылуу дем алууда. 

Сажидага Кыргызстанда жок кымбат дарылар керек. Кыздын жакындары жок. Ал Караколдогу балдар үйүнүн тарбиялануучусу.

Сажидага жардам берүүнү каалагандар төмөнку даректер боюнча кайрылса болот:

  • Манас проспекти, 9, "Сoffee" кофейнясы (Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосунда) - 0 555 58 76 44 Зуля.
  • Т.Молдо көч., Спорт сарайынын жанындагы "Сoffee" кофейнясы - 0555 58 76 44 Зуля.
    Кофейнялардын иш убактысы 09.00-24.00, кызматкерлерге "Дизельден келдим" деп өзүңүздү тааныштырсаңыз болот.
  • Үсөнбаев көч. 2, "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы (дүйшөмбү-бейшемби күндөрү саат 8.00дөн 17.00гө чейин) жана Жал кичирайону (кечке маал) - 0 555 923 565 Надежда
  • Дордой, "Европа" базары, 1-өтмөк, 151-контейнер - 0 312 298960
  • "Дордой-Плаза" дүкөнү, 1-кабат, бутик B1 - 0 312 620446
  • "1000 түркүн" ("1000 мелочей"), "Аромагия" дүкөнү (Гоголь-Чүй көчөлөрүнүн кесилиши) - Валентина жана Ольга Хе.

Чогултулган каражат боюнча отчеттор Дизель-форумда чыгарылып турат.