10.10.2019 16:08

Балдар үчүн коопсуздук жабдуулары жок жүргөн айдоочулар 3 миң сом айып төлөшөт

Балдар үчүн коопсуздук жабдуулары жок жүргөн айдоочулар 3 миң сом айып төлөшөт

Балдардын коопсуздугун сактоо максатында жол кыймылынын эрежелерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда болгон маалымат жыйынында белгилүү болду, деп жазат Super.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Нур Сатыбалдиевдин маалыматына караганда, бул кодекс 2019-жылдын 1-январынан баштап эле күчүнө кирген. Анда балдар үчүн атайын жабдуулары жок болгон айдоочуларга 3000 сом өлчөмүндө айып каралган.

«Кодекске 12 жашка чейинки курактагы балдарды ташууга тыюу салган нормалар кошулду. Ага ылайык, мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда баланын боюна, салмагына шайкеш атайын түзүлүш жок болгон учурда,  жеңил автоунаанын алдыңкы отургучунда баланы отургузууга тыюу салынды. Булардын баары бузуулар кодексиндеги беренеге кирди. Механизмди ушул мыйзамга дал келтирдик. Мыйзамды аткаруу боюнча Өкмөт токтому бекитилди. Биздин кызматкерлер тиешелүү чараларды колдонуу менен иш алып барат», - деди ал.

Маалым болгондой, балдарды ташып жүрүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн атайын санкциялар да каралган. Бул үчүн айдоочуларга экинчи категориядагы айып пул салынат.