15.02.2019 10:56

Балдары иске ууланган үй-бүлөгө өкмөт акчалай жардам берүүнү чечти

Балдары иске ууланган үй-бүлөгө өкмөт акчалай жардам берүүнү чечти

Өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом берилет. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө  материалдык жардам  көрсөтүү  жөнүндө буйрукка кол койгону айтылат. 

Эскерте кетсек, 12-февраль күнү «Келечек» конушунда турак-үйдөн өрт  чыгып, 3 бөбөк иске катуу ууланган абалда №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Бүгүнкү күнү балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Ичиндеги буюм-тайымдары менен кошо толук өрттөнүп кеткен кичинекей үйдү жаш ата-эне ижарага алып жашап келишкен. Балдардын атасы Ош базарында иштесе, апасы учурда кош бойлуу болгондуктан, үйдө болчу. Кырсык болгон күнү ал дарыгерге көрүнгөнү кетип, балдар үйдө жалгыз калышкан.