18.09.2018 13:17

Балыкчыда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

Балыкчыда 100 миң сом пара алып жаткан жеринен тергөөчү кармалды

Балыкчы шаардык Ички иштер органынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 16-сентябрында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Ш.уулу А. аттуу тергөөчүнү 100 миң сом өлчөмүндо акча алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Кармалган адам жарандан козголгон кылмыш иши боюнча сотто ишти оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган.

Тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери жүрүүдө.