10.10.2019 09:10

Балыкчыда эки тааныштын арак ичүүсү адам өлүмү менен аяктады

Балыкчыда эки тааныштын арак ичүүсү адам өлүмү менен аяктады

Балыкчы шаарында эки тургундун чогулуп, арак ичүүсү адам өлүмү менен аяктады. Бул туурасында April.kg порталына Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-октябрь күнү болжол менен эртең мененки 8.20 чамасында Балыкчы шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө «Тез жардам» кызматынан чалуу түшкөн. Дарыгерлер шаардын көчөлөрүнүн биринин кесилишиндеги темир күркөдөн күч колдонуу менен өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылганын билдиришкен.

Жерине барган милиция кызматкерлери менен эксперттер киши катуу токмоктолуп каза тапканын аныкташкан. Башы катуу нерсе тийгендиктен жарылып кеткен. Сөөктүн жанынан кан болгон айнек бөтөлкө табылып, ал далил буюм катары алынган.  Ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында өлгөн адам Таалай аттуу  Балыкчы шаарынын тургуну экени маалым болгон.

«Бул факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү. Издөө иш чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталды. Ал мурда соттолгон, 37 жаштагы Данияр аттуу жергиликтүү тургун болуп чыкты. Данияр өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Айтымында, 6-октябрдан 7-октябрга караган түнү маркум экөө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Мас абалына келген экөө бир маалда уруша кетип, ал мушташка айланган. Шектүү арак ичип жаткан бөтөлкө менен жабырлануучуну бир нече ирет башка чапкан. Аны өлтүрүп алганын билгенде, кылмыш болгон жерден из жашырган», -деп билдиришти облустук милициядан.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.