07.08.2018 12:30

Балыкчыда келишпестиктерин чечүүгө курал көтөрө келишкен жигиттер милицияга ок чыгарышты

Балыкчыда келишпестиктерин чечүүгө курал көтөрө келишкен жигиттер милицияга ок чыгарышты

Өз ара келишпестиктерди чечүүгө курал менен келген жаш жигиттер кармалды. Бул туурасында April.kg порталына Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, 6-августта болжол менен 23:20 чамасында Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына көчөлөрдүн биринде жаш жигиттер топтолуп жатканы, колдорунда курал бар экени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошондой эле, бир ирет ок атылганы кабарланган. 

Окуя болгон жерге дароо ыкчам-иликтөө тобу жиберилип, алар алыстан төрт-беш кишинин караанын, алардын экөөсүндө курал бар экенин көргөн. Жакындап келген милициянын унаасын көргөн топ машинаны көздөй ок чыгарган. Бактыга жараша, эч кимге тийген эмес. 

Унаадан чыга калган милиция кызматкерлери мыйзамга ылайык, табелдик куралдан бир ирет асманга эскертүүчү ок атып, жигиттерге куралдарын таштап, колго түшүп берүүнү сунушташкан. Буга моюн сунбай, ок чыгарган жигит жерден таш ала калып, унааны көздөй ыргытып, тобу менен качып жөнөшкөн.

Артынан түшкөн укук коргоочулар курал көтөрүп жүргөн эки жигитти кармашты. Алар 20 жаштагы Тоң районунун Шорбулак айылынын тургуну А. Данияр жана Балыкчы шаарынын тургуну  У. Бакыт экени аныкталды. Экөөнөн тең аңчылык үчүн колдонулуучу "ИЖ-18ЕМ" куралы, 3 ок алынды. 

Суракта жигиттер мурда эки тарап болуп уруша кетип, бир тараптын баласы токмок жеп калгандыктан, кайра өч алуу максатында жолугушканын билдиришти. Өз ара мамиле териштирүүгө алар үйлөрүнөн курал ала чыгышкан.

Учурда 234-берене "Бейбаштык" менен кылмыш иши козголуп, жигиттер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мылтыктардын биринин сериялык номери бар, экинчисинде толук эмес болгондуктан, ал такталууда.  

Кармалган жигиттер буга чейин соттолгон эмес. Учурда чатактын калган катышуучуларын табуу иштери жүрүүдө.