28.03.2019 12:13

Бангладеште жаш келин бир айда эки жолу төрөдү

Бангладеште жаш келин бир айда эки жолу төрөдү

Бангладеш мамлекетинде мурда тарыхта болуп көрбөгөн окуя болду. 20 жаштагы келин балалуу болгонуна 1 ай боло электе кайра эгиз төрөдү. Бул туурасында The Mirror басылмасы жазып чыкты.

Бангладеш тургуну Арифа Султана февралдын аягында мөөнөтүнө жеткирбей уул төрөгөн. Ымыркайдын ден соолугу жайында болгондуктан, төрөтканадан чыгып, энелик доорун сүрүп баштаган. 26 күн өткөн соң, аялдын ичи ооруп баштап, аны ооруканага жеткиришкен. 

Ал жактан 21-мартта операция жолу менен Арифа Султана 1 кыз, 1 эркек төрөгөн. Буга аял өзү да, дарыгерлер да таң калышкан.

Көрсө, аялдын эки жатыны бар экен. Муну алгач төрөткөн дарыгерлер да, Арифа өзү да билген эмес. Аял кош бойлуу кезинде бир да жолу УЗИге түшпөгөндүктөн, өзүндө мындай өзгөчөлүк бар экенинен жана 3 наристе күтүп жатканынан кабары жок болгон.

25-мартта аял балдары менен аман-эсен үйүнө чыгарылды. Үй-бүлө бул окуяга кубанган менен, 3 баланы багуу каражат жагынан кыйынчылык жаратаарын ойлоп, кооптонуп турушканын жашырышкан жок.