06.11.2019 10:24

Барчы ары! Журналисти каккан депутат андан кечирим суроого даяр

Барчы ары! Журналисти каккан депутат андан кечирим суроого даяр

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналисти Айзирек Иманалиевадан кечирим суроого даяр. Бул тууралуу эл өкүлү 24.kg агенттигине билдирди.

Депутаттын айтымында, ал журналистти капа кылууну каалаган эмес.

«Ал менин карындашымдай эле. Мен ага орой мамиле кылгандай болгон жокмун. Иш мындай болду: ал мени кабылдамада күтүп туруптур, мен бир жакка кетип келип жүрдүм, мага келгендер да болду... Мен иш бөлмөдөн чыкканда жаныма келип саламдашпай, өзүн тааныштырбай жер аянты тууралуу суроо берди. Мен ага «Ой, күтө тургулачы, анан» деп айтып кетип калгам. Эгер бул орой угулган болсо жана жаман сөз айткан болсом анда кечрим сураймын. Анын алдында кечирим суроого даярмын», — деди депутат.

Ал 2005-жылдан бери «Ататүрк» паркында жер аянты жок экенин айтып, текшерсеңер да болот деди. 

Kloop.kg кабарчылары буга чейин Бишкек бийлиги нечен жылдар бою Ата-Түрк паркынан жер тилкелерин мыйзамсыз таратып келгени тууралуу иликтөө жарыялаган. Жер алгандардын көбү аткаминерлер, депутаттар болгон. 2000-2008-жылдар аралыгында бардыгы болуп 181 жер тилкеси таратылган. 

Депутаттын Ата-Түрк паркынан алган жер тилкесинин тагдыры боюнча суроо берген журналистти какканы соцтармак колдонуучуларына жакпай, жарандык активист Мелис Аспеков Фейсбуктагы баракчасында «Мандатыңды тапшыр!» урааны менен акция баштаган.