02.05.2018 16:21

Башка паспорт менен чек арадан өтүүгө аракеттенген өзбек жараны кармалды

Башка паспорт менен чек арадан өтүүгө  аракеттенген өзбек жараны кармалды

Кыргызстанда Өзбекстан жараны мамлекеттик чек араны башка бирөөнүн паспорту менен кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн кармалды. Окуя «Кадамжай-автожол» өткөрмө бекетинде орун алды. 

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кармалган адам паспорттук көзөмөлдөн өтүү маалында чек арачыларга башка өзбек жаранына тиешелүү паспорт көрсөткөн.  

«Көңүл коюп караган учурда паспорттогу сүрөт жарандын сырткы  келбетине туура келбей турганы аныкталды. Жеке буюмдарын кароо учурунда кармалган адамдын өзүнүн паспорту  табылды. Өзбек жаранынын сөзүнө караганда, мындай жолго баруусуна өз документинин  мөөнөтү бүтүп калганы себеп болгон. Мындан улам, ал таанышынын паспортун  колдонууга аргасыз болгон.  Кармалган адам Өзбекстанга бара жаткан. Тиешелүү  документтерди толтургандан кийин ал ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, -деп жазылат билдирүүдө.