26.12.2018 11:31

Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоодо канча чыгым келтирилгенин айтты

Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоодо канча чыгым келтирилгенин айтты

УКМК Тарых музейин оңдоп-түзөөнүн баасын жогорулатып коюу фактысы боюнча тергөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлү Залкарбек Акназаров билдирди.

Анын айтымында, 17-июлда Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоп-түзөө учурунда бааны жогорулатып коюу фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан. Акназаров белгилеп кеткендей, текшерүү учурунда башкы көзөмөлдөөчү орган 118 млн. 215 миң сомдук мыйзам бузуу аныктаган. Териштирүү иштери дагы деле жүрүүдө. 

Эскерте кетсек, 25-майда «Ата Мекен» фракциясынын көчмө жыйыны учурунда ЖК депутаттары  музейди жаңылоо жана экспонаттар менен эмеректерди сатып алууга канча акча кеткенин тактап чыгышкан. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, Тарых музейине эмерек үчүн 890 млн. сом,  ички жасалгасына 690 млн. сом бөлүнгөн.