01.05.2020 13:35

Башкы прокуратура: УКМК жарандар менен дарыгерлерди мажбурлап кечирим сураткан эмес

Башкы прокуратура: УКМК жарандар менен дарыгерлерди мажбурлап кечирим сураткан эмес

УКМК жана ИИМ тарабынан жарандар менен дарыгерлерди жалган маалымат тараткандыгы үчүн эл алдында мажбурлап кечирим сураткан эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн твиттер баракчасына Башкы прокуратурага жөнөткөн катынын жообун жарыялады.
Документте Башкы прокуратура текшерүү маалында жарандар менен дарыгерлерди «жалган маалымат таратуу» үчүн эл алдында кечирим суроого мажбур болгондугу тууралуу фактыны тапкан жок деп кабарланат.

«Видеонун авторлору өз ыктыяры менен эл алдынча кечирим сурашкан. (Кечирим суроого) Кыргызстандын мыйзамдары тыюу салбайт», — деп жазылган.

Дастан Бекешев медицина кызматкерлерине кысым көрсөтүү боюнча Башкы прокуратурага үч кат жолдогонун билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жаш медик өзүнүн твиттеринде сапаты начар бет кап жана коргоо каражаттары тууралуу жазган. Бир күндөн кийин ал баракчасын өчүрүп, андан кийин дарыгердин кечирим сураган тасмасы тараган. Бирок УКМК Апышевдин кечирим сураганына тиешеси жок экенин билдирген. Ошондой эле жалган маалымат тараттым деп кечирим сураган бир канча жарандардын видеосун УКМК чыгарган болчу. Коронавируска байланыштуу адамдарды жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармаган учуру да болгон.
Парламент депутаттары токтом чыгарып, ага ылайык Башкы прокуратура УКМК менен башка укук коргоо органдарынын медиктерге карата кысым көрсөтүп-көрсөтпөгөнүн текшерүүгө милдеттүү болгон. Токтомду Дастан Бекешев демилге кылган.