30.04.2019 14:00

Башкы прокуратура жактоочу Нурбек Токтакуновго жооп кайтарды

Башкы прокуратура жактоочу Нурбек Токтакуновго жооп кайтарды

Башкы прокурор парламентте Бишкек ЖЭБине 150 миллион долларга техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН)  болгону тууралуу сүйлөгөн сөзүндө тергөөнүн материалдарына таянган. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 29-апрелде мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов «башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, Бишкек ЖЭБин жаңылоого $ 150 миллионго  техникалык-экономикалык негиздеме бар болгону тууралуу калп айтканын» билдирген. 

Мекемеден билдиришкендей, Жамшитовдун сөзү кылмыш иштин материалдарынын негизинде даярдалган. Тергөөнүн жүрүшүндө 2009-жылы «Электр станциялары» ААК адистери Дүйнөлүк банк менен бирге Бишкек ТЭЦин жаңылоого канча каражат керектелерин ТЭН түрүндө болжолдуу эсептеп чыгышканы аныкталган.

«Негиздемеде адистер заманбап батыш технологияларын колдонуп жана европалык жаңы жабдууларды коюу менен ЖЭБди жаңылоого 150 млн. доллар кетерин белгилешкен. Бул  «Бишкек ЖЭБин жаңылоо» долбоору «2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы» программасына киргени менен далилденет».

                                                                                Башкы прокуратура

Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүүгө канча каражат кетерин эсептеп чыкпаганын жана 150 миллион долларлык ТЭН тууралуу сөз кайдан пайда болгонун билбей турушкандарын маалымдашкан. 

«2009-жылдын февраль айынын аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дүйнөлүк банкка ЖЭБди калыбына келтирүү үчүн техникалык-экономикалык негиздемени каржылоо өтүнүчү менен кайрылган. Дүйнөлүк Банк макулдугун билдирген. Бирок 2009-жылдын июлунда Кыргыз Өкмөтү күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү башталышына байланыштуу Дүйнөлүк банктан акчаны шашылыш муктаждыктарга, тактап айтканда, ЖЭБ үчүн отун сатып алууга которууну суранган. Дүйнөлүк банк бул өтүнүчтү канааттандырган».

                                                                                       Дүйнөлүк банк