27.06.2019 11:30

Башкы прокурор экс-президентке коюлуп жаткан 5 айыпты негиздүү деп тапты

Башкы прокурор экс-президентке коюлуп жаткан 5 айыпты негиздүү деп тапты

Бүгүн, 27-июнда  Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселеси каралууда. 

Башкы прокуратура депутаттар тарабынан экс-президентке тагылып жаткан алты айыптын ичинен бешөөндө кылмыштын курамы аныкталганын билдирди. 

Аларды көзөмөл орган КР Жазык кодекси боюнча өзгөчө оор кылмыштардын катарына киргизди:  

1. Кой-Таштагы жерди мыйзамсыз алганы боюнча.
2. Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча.
3. Мыйзамсыз баюу айыбы.  
4. ЖЭБди жаңылоо боюнча.
6. Бишкек ЖЭбине көмүр жеткирүүгө мыйзамсыз кийлигишүү боюнча.

Ал эми, ЖМКларга, жарандык активисттерге жана саясатчыларга басым көрсөтүү, аларга каршы доо арыз бергени боюнча айып коюуга негиз жок деп чечкенин билдирди.

Учурда депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго суроолорун берип жатышат.