22.05.2019 11:45

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго «кара көлөч» тапшыруу сунушталды

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго  «кара көлөч» тапшыруу сунушталды

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жыйынтык көрсөтпөгөн жетекчи катары «кара көлөч» антисыйлыгын тапшырууну сунушташты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина айтты.

Анын пикиринде, баардык телеканалдарда, ал тургай Орусиянын каналдарында Кыргызстандан контрабандалык жүк чыгып жатканын, ал эми самаралык бажы аларды кармап жатканын көрсөтүүдө.

«Мурда бул суроону Бажы кызматынын башчысына беришчү, бирок анын отчету боюнча өлкөдө баары нормалдуу. Бирок, бул чындыкка дал келбейт. Суроону Башкы прокуратурага дагы бериш керек. 5-чакырылышта башкы прокурор депутаттардын биринчи чакырганына эле келчү, азыр болсо жок. Өткүрбек Жамшитовго Айыл чарба министрлигинин башчысына берилген сыяктуу «кара көлөч» сыйлыгын бериш керек», -деди Ирина Карамушкина.

Эске салсак, буга чейин Айыл чарба министрлигинин башчысы Нурбек Мурашевге «кара көлөч» антисыйлыгы тапшырылган.