22.08.2018 11:27

Башкы штаб: Жоокер тыюу салынган белгиге карабай, көмөк чордонго кирип, токко урунган

Башкы штаб: Жоокер тыюу салынган белгиге карабай, көмөк чордонго кирип, токко урунган

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүктө токко урунуп, оң колу чыканагына дейре кесилген жоокер учурда Аскердик госпиталдын аскердик-медициналык башкармалыгынын    дарыгерлеринин көзөмөлүндө. Бул тууралуу April.kg порталына Башкы штабдан билдиришти.  

Маалыматка караганда, 1996-жылы туулган Руслан Сапарбаев аттуу жоокер кызматындагы бир күндүк нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонунун аймагына кирген.

«Көмөк чордондогу тыюу салынган белгиге карабастан, Сапарбаев каралбай калган трансформаторго кирген жана жыйынтыгында электр тогунун соккусуна дуушар болгон. Эки колунун учтары толугу менен күйгөн аскер кызматчысы Майлуу-Суу шаарындагы, андан соң Ош шаарындагы ооруканаларга дароо жеткирилген, кийинчерээк Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедиянын күйүк борборуна которулуп, ал жерден оң колу чыканакка чейин ампутацияланган. Учурда аскер кызматчысы керектүү дарылануулардан өтүүдө. Ал эми иликтөөнүн материалдары Жалал-Абад гарнизонунун Аскердик прокуратурасына жөнөтүлгөн», -деп жазат Башкы Штаб.

Эскерте кетсек, 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев  аттуу жоокер токко урунган. Ал аскердик бөлүктүн жанындагы эски электр щитке уялаган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.  17-август күнү дарыгерлер жигиттин оң колун чыканагына дейре кесип салууга мажбур болушкан. Сол колунун бармагы түшүп калып, сөөгү да катуу жабыркагандыктан, сактап калуу - күмөндүү.  

Руслан Сапарбаев ушул жылдын апрель айында аскерге кеткен. Апасынын жалгыз уулу.