21.06.2018 15:39

Батирден жок, же акчадан жок. 20 миң долларын алдаткан аял каржы полициясына кайрылды

Батирден жок, же акчадан жок.  20 миң долларын алдаткан аял каржы полициясына  кайрылды

Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батир сатып алмакчы болгон жаранды шылуундар 20 миң долларга алдап кетишти. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Каржы полициясына К.Т. аттуу аял аны алдап, акчасын алып кеткен белгисиз жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында, өлкөнүн жарнама сайттарынын биринен Бишкекте 2 бөлмөлүү батир сатылат деген жарыяны окуп, аны сатып алууну чечкен. Батир ээлери менен байланышканда, алар РФда жашай тургандыктарын айтып, эгер чындап батирди сатып алуу ниети бар болсо, алгач акча жөнөтүүнү сунушташкан. Андан соң гана Кыргызстанга келип, батирдин документтерин бүтүрүп берерин айткан.

Аял 20 миң доллар которгондон кийин, сатуучу байланышка чыкпай калган. Жолугушуу белгиленген күнү Кыргызстанга келген да эмес. Бир аз убакыт өткөн соң, акчасын кайра алайын деп банкка кайрылганда эсептеги акчанын баары алынганын уккан. 

Бул факт боюнча 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.