20.11.2018 15:48

Батирин таштандыга толтуруп алган кемпир дарылануудан баш тартууда

Батирин таштандыга толтуруп алган кемпир дарылануудан баш тартууда

Бишкекте жашаган батирин таштандыга толтуруп алган кемпир дарыланууга макулдук бербей жатат. Бул тууралуу «Тазалыктын» басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жеринде №8 Муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ), социалдык кызматкерлер, милиция жана «Тазалык» ишканасынын жумушчулар иштеп жатышат.

№8 Муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары: «Тургун социалдык жардамдан караманча баш тартууда. Ага санаторий, карылар үйүн сунуштап көрүшкөн, аял бирине да макул болгон эмес. Ал 7-кичирайондо жайгашкан 3 бөлмөлүү батирине субсидия берүүнү сурап жатат. Ал батири дагы таштандыга толгон. Азыр таштанды чыгарылып жаткан бир бөлмөлүү батир анын бир тууганыныкы экен. Тургундар 3 жылдан бери арызданып келишкен, бирок, ал качып, бекинип алат», -деп билдирди.  

18-ноябрь күнү биринчи кабаттагы батирдин ээси №8 МАБга кайрылып, түтүк жарылып, суу ылдыйкы кабаттарды каптап жатканын билдирген. «Бишкекжылуулуктармагы» жерине барып, үйдүн жылуулугун убактылуу өчүрүп турууга мажбур болгон. Батареяларга өтүүчү жолдун баары таштандыга толгондуктан, аварияны дароо оңдоого мүмкүн болгон эмес.

«Тазалык» ишканасынын жумушчулары эки күндөн бери таштанды чыгаруу менен алек болуп жатышат. Батареяларга жетиш үчүн дагы 10 жолу рейс кылууга туура келет. Чоң эненин айтымында, анын Казакстанда жашаган тууганынан башка туугандары жок экен. Ал тууганынын номерин берүүдөн такыр баш тартты», -деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле, мыйзам боюнча адамды күчтөп дарылоо мүмкүн эмес экени, бул үчүн же туугандары кайрылып, же кошуналары сотко арызданышы зарылдыгын кошумчалады.