Баткен райондук сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Баткен райондук сотунун судьясы  кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Баткен райондук сотунун судьясы Аида Эгембердиева кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушунун негизинде Баткен облусунун Баткен райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эгембердиева Аида Салибековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.