Кадр саясаты: Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева кызматынан кетти

Кадр саясаты: Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиева кызматынан кетти

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиеваны иштен бошотуу маселеси коюлган.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Сатыбалдиева өз каалоосу менен арыз жазганын, ал арыз Соттор кеңешинде жактырылганын билдирди.

Парламентарийлер  78и аны ээлеген кызматынан бошотууга макул болушту.

Мамлекет башчысынын сунушунда «Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотууну сунуш кылам» деп айтылат.

Сатыбалдиева 66 жашта. Жогорку сотко чейин ал Бишкек шаардык сотунда иштеген.