13.05.2020 15:13

Азимжан Аскаровдун боштондугуна каршылар Жогорку соттун алдына чогулушту

Азимжан Аскаровдун боштондугуна каршылар Жогорку соттун алдына чогулушту

Жогорку сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын кароого байланыштуу сот имаратынын алдында жыйырма чакты адам чогулду. Алар Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан келишкенин, июнь окуяларында каза болгондордун туугандары экенин «Азаттык» жазды.

Соттун алдына чогулгандар Аскаровдун бошотулушуна каршы экенин, соттун өкүмү күчүндө калуусун талап кылып жатышат.

Чогулгандардын 10 өкүлү сот имаратынын ичине киргизилди. Аскаровдун кассациялык арызын кароо боюнча соттук жараян саат 14:00 башталды. Отурумга анын жактоочулары менен катар эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да катышууда, журналисттер менен Базар-Коргондон келген өкүлдөр киргизилген жок.

Эскерте кетсек, 69 жаштагы укук коргоочу Аскаров 2010-жылы Июнь окуясында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.