06.04.2020 14:24

Жогорку сот ишин токтотту

Жогорку сот ишин токтотту

Жогорку сот 6-апрелден тартып, 13-апрелге чейин ишин токтотуп, карантинге жабылды. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Жарандар сот отурумдарынын графигин билүү үчүн үйдө отуруп алып эле соттун каттоо бөлүмүнө телефон аркылуу кайрыла алышат. Жогорку сотко өткөрүлүп берилген иштер жөнүндө 0 312 66-35-01 (кылмыш иштери үчүн), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер үчүн) жана 0312 66-30-40 же 62- 19-29 (жарандык иштер боюнча) телефон номурлары аркылуу байланышып, билсе болот.

Буга чейин Жогорку сот айрым кызматкерлерин аралыктан иштөө тартибине өткөрүп, кадимки режимде иштеп келген.

Эске салсак, өлкөдө  COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.