15.08.2018 13:43

Баткенде 5 бейтап эритмеге ууланып, бирөө каза тапты

Баткенде 5 бейтап эритмеге ууланып, бирөө каза тапты

Баткен облустук оорукананын психо-наркологиялык бөлүмүндө жаткан 5 бейтап дезинфекциялоочу эритмени ичип алып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу маалыматты April.kg порталына Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Окуя 14-август күнү болгон. Алдын ала маалымат боюнча, беш бейтап процедура бөлмөсүнө кирип, ал жактагы эритмени куюп кетип, кийин ичип алышкан.

Каза тапкан адамдын сөөгү жакындарына берилди. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган төрт адамдын экөөнүн абалы жакшырып, терапия бөлүмүнө которулган. Экөө дагы эле оор абалда, жандандыруу бөлүмүндө.