12.10.2018 16:59

Баткенде 8 жаштагы баланы кутурган ит талап, абалы- оор

Баткенде 8 жаштагы баланы кутурган ит талап, абалы- оор

Бүгүн, 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Turmush агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, бала Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө саат 15:00 чамасында жеткирилгени айтылат. Ит анын башын, денесин талаган. Азыр башына операция жасалып, учурда наркоздон ойгоно элек.

Баланын атасы Кубат Пазыловдун айтымында, уулу ага талаага тамак алып келе жаткан учурда итке кабылган.

«Мен талаада иштеп жаткам. Балам үйдөн мага тамак алып келе жатканда жолунан ит чыгып тиштептир. Ит качып кетти. Шашып эле баламды ооруканага алып келдик. Уулум 3 баламдын эң улуусу. Кудайдан амандыгын, ден соолугун сурап отурам», - деди ал.