25.07.2019 09:21

Баткенде чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Баткенде чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат

Баткен-Исфана жана Исфара-Ворух авто жолу ачылды. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирет.

Берилген маалыматка караганда, бүгүн, 25-июнда жол кыймылы жанданды. Ал эми чек арадагы абал туруктуу.

"Баткен облусунда чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Эки өлкөнүн чек арачылары Кыргыз-Тажик чек ара тилкесин билгеликте кайтарууда. Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта.