18.10.2018 10:05

Баткенде эки кичи автобустун кагышуусунан 22 адам жаракат алды, 1 киши каза тапты

Баткенде эки кичи автобустун кагышуусунан 22 адам жаракат алды, 1 киши каза тапты

Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында эки кичи автобус кагышып, 1 адам каза таап, 22 адам жаракат алды, деп билдирет turmush.kg

Агенттиктин маалыматына караганда, кырсык жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседец-Бенц Спринтер» менен жүк ташыган ушул эле үлгүдөгү кичи автобустардын катышуусунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, рулга кысылып калган адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышкан.

Баткен облустук ооруканасына 22 адам жаткырылган.  Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми эки адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.