21.12.2018 11:19

Баткенде Капиталдык курулуш башкармалыгы 3 мектепти кымбат баада курушканы аныкталды

Баткенде Капиталдык курулуш башкармалыгы 3 мектепти кымбат баада курушканы аныкталды

Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Өткөрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баткен областтык Мамэкотехинспекциясынын (МЭТИ) аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталды.

Такталгандай, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабораториясын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө куруу баасын жогорулатып койгону аныкталды.

Бул факт боюнча Баткен облусттук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.