23.10.2018 12:55
Баткенде күйөө баласы кайната, кайненесин балта менен чаап таштаган
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кечээ, 22-октябрда түндө күйөө баласы кайната, кайненесин балта менен уруп таштады. Бул тууралуу April.kg порталына жергиликтүү жашоочулар билдиришти.
«Чатак эмнеден чыкканы белгисиз. Жаракат алган кишилер 60 жаштан өткөн улгайган адамдар. Күйөө бала 26 жашта, спирт ичимдиктерин көп колдончу. Кырсык болгон күнү мас беле, билбейм. Кайнатасы менен кайненеси оор абалда ооруканага жеткирилди. Өзгөчө кайненесинин абалы оор деп жатышат», -дешти айылдаштары.
Учурда шаар көчөлөрүн милиция кызматкерлери тосуп, качып кеткен кылмышкерди издеп жатканы айтылат.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: