17.09.2018 10:23

Баткенде унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран каза тапты

Баткенде унаасы менен сууга түшүп кеткен жаран каза тапты

Баткенде 63 жаштагы жаран унаасы менен сууга түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда,  «Фольксваген Гольф-2» үлгүсүндөгү унаанын А.У. аттуу айдоочусу 16-сентябрь күнү саат 11:13тө Баткен шаарынын Тамаша-Жай тилкесинде унааны башкара албай калып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу окуя катталган жерде каза болгон. Министрликтин Баткен районундагы №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары кырсык болгон жерге чакырылып, унааны суудан чыгарууга жардам беришкен.