24.08.2018 16:30

Баткенде жети тонна пиязды жашыруун алып өтүүнү көздөгөн жаран кармалды

Баткенде жети тонна пиязды жашыруун алып өтүүнү көздөгөн  жаран кармалды

Баткен облусунун Карабак аймагында Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен товар киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-августта Баткен облусуна караштуу Баткен районундагы Карабак аймагында чек арачылар «Mersedes-Bens» үлгүсүндөгү унаа менен тажик тараптан өлкө аймагына 7 тонна пияз киргизүүгө аракеттенген кыргыз жаранын кармады. 

Ал көзөмөл-өткөрүү пунктун кыйгап өтүүгө аракет кылган. Кармалган адамда жүктү алып өтүүгө уруксат берүүчү документтер жок болгон. Тиешелүү кагаздарды толтургандан кийин жүк да, жаран да бажычыларга өткөрүлүп берилди.