23.11.2018 18:03

Баткендеги прокурордун өлүмү. Шектүүнү кыйнап, кылмышты мойнуна алдырышканбы?

Баткендеги прокурордун өлүмү. Шектүүнү кыйнап, кылмышты мойнуна алдырышканбы?

Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектелип, кармалган жаранды кыйноо менен күнөөнү мойнуна алдырышкан. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын-алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулаймановго таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Анын айтымында, Баткен жашоочулары Сулаймановдун дарегине арыз менен кайрылышкан. Анда милиция  жана прокуратура кызматкерлери шектүү катары кармалган Баткен мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерине күч колдонушканы жазылган. Катка 500дөн ашык адам кол койгон. 

«Арыздын негизинде мен Тергөө изоляторуна биздин Борбордун өкүлдөрүн жөнөттүм. Алар шектүү менен жолугуп, сүйлөшүштү. Ал кыйноого дуушар болгонун, басым алдында күнөөнү мойнуна алып бергенин тастыктады. Желим бөтөлкө менен шектүүнүн денесинин ар кайсы жерине ургулашыптыр, муунтушуптур. Азыр анын сабалганынын айрым издери кетип калыптыр. Биз шектүүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында ага барууну көздөп жатабыз», - деген Сулайманов. 

Маалыматта, коомдо талкуу жараткан ишти жетекчилик өз көзөмөлүнө алышы үчүн иштин материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлөрү айтылат.  

Эскерте кетсек, Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү Баткенде өлтүрүлгөн. Прокурордун денесин шаардын четинен, унаасын башка жактан табышкан. Анын өлүмүнө шектүү делип, Баткен мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерин камашкан. Прокурор киши колдуу болоор күнү шектүү жана дагы башка прокурорлор менен чогуу аңчылыкка чыкканы айтылган.