19.04.2018 17:00

Баткендеги Сай айылы жер көчкүдөн улам таза суусуз калды

Баткендеги Сай айылы жер көчкүдөн улам таза суусуз калды

Баткен облусунда  18-апрель күнү саат 23:20 чамасында Кыштут айыл аймагы  Сай айылынан 1 чакырым алыстыктагы тоонун боорунан болжол менен көлөмү 45 000м3 жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Натыйжада жер көчкү Сай айылына келүүчү сугат суу каналынын 130 метр аралыгын жана тоо башына жайгашкан бир уюлдук компаниянын  телефон антенасына баруучу ички чарбалык жолдун 150 метр аралыгын  басып калган.

Учурда Сай айылына баруучу ичүүчү суу жана сугат суу менен камсыз кылуучу каналдан суу токтогон. Сай айылында 350 кожолук бар.  Тазалоо жумуштарын уюштуруу  иштери райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.