07.10.2019 16:11

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча алдын ала угуу күнү белгиленди

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча  алдын ала  угуу күнү белгиленди

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жума күнү сотко өткөрүлүп берилип, алдын ала угуу кайсы күнү өтөөрү белгиленди. Бул туурасында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, алдын ала угуу иштери 11-октябрь күнү Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Ага судья Эмил Кайыпов төрагалык кылат. 

Эскерте кетсек, 2013-жылы Азиз Батукаев «айыккыс дартка чалдыкты» деген жүйөө менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Кийин Башкы прокуратура анын мыйзамсыз бошотулушу жөнүндө ишти жанданткан. КР мурунку президенти Алмазбек Атамбаевге бул иште «Уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында коррупцияны уюштуруу» беренеси менен шектелип жатканы тууралуу билдирме беришкен.