16.10.2019 21:03

Батукаевдин бошотулушу. Россияда кримтөбөлдүн бир тууганы суракка алынды

Батукаевдин бошотулушу. Россияда кримтөбөлдүн бир тууганы суракка алынды

Россиянын Тергөө органдары мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бир тууганын суракка алышты. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевге таянып, 24.kg жазды. 

Жактоочунун айтымында, Яха Батукаеваны кримтөбөлдүн бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суракка чакырышкан. 

«Яха Батукаева кыргызстандык тергөөчүнүн катышуусунда Россиянын тергөө органдары тарабынан суракка алынган. Азиз Батукаевдин өзү суракка алынган эмес. Анын эжеси кылмышты жасаган конкреттүү бир адамдын атын атаган жок. Ал оорулуу бир тууганын чыгарып кетүүгө багытталган чараларды өзү жасап, өлкөдөн чыгарып кеткенин айтып берди», — деп билдирди Замир Жоошев.

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткандардын саны - 19 адам. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы бар. Ага 43-берене (кылмыш жасоого катышуу) жана 319-берене (коррупция) айып тагылууда. Атамбаев өзү УКМКнын Тергөө абагына камалганга дейре ЖМКлар аркылуу ак экенин айтып келген. Учурда көрсөтмө берүүдөн да, сот ишине катышуудан да баш тартууда. Бүгүн сот ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.