Базар-Коргондо күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылгандар толук дарылануудан өтүп жатышат
Базар-Коргон районунун Жаңы-Акман айылында 11 адам сибир жарасына (күйдүргү) шектелип, ооруканага жаткырылды. Алардын бешөө -аялдар, алтоо- эркектер. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, 25-июнда аталган районго караштуу бир айылдын тургуну медициналык жардам сурап кайрылган. Аны күйдүргү жугузуп алууга шектеп, жергиликтүү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырышкан.
«Азыр адистер үймө-үй текшерип жатышат. Ар жолкусунда амбулатордук түрдө дарыгердин байкоосунда болчу адамдарды таап жатабыз. Оору жуктуруп алууга шектелгендердин баары чоң адамдар. Алар этти бөлүштүрүп, тамак даярдаганга катышкан. Араларында жаш балдар жок», -деп билдиришти министрликтен.
Ооруканага жаткырылгандар толук бир курс дарылануудан өткөн соң гана үйлөрүнө кое берилет. Азырынча, лабораториялык анализдердин так жыйынтыгы чыга элек.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: